09:38, 01 апреля 2022, 24.kg

Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу башталыды

Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына расмий уруксат берди. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы — Кочкор жолунун курулушу жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түзүп, өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ болорун белгиледи.

«Кыргыз темир жолу» УК" МИ учурда «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» (186 км) темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы — узундугу 63 км түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун участогун куруу пландалууда", — деди ал.

Учурда темир жол чийининин 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 км үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар.

2030-жылга темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18