14:48, 30 марта 2022, 24.kg

Депутат: Доллардын баасы түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди

Доллар калыбына түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыгып, министрлер кабинетине Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү боюнча тапшырмаларды берүүнү сунуштады.

Кадырбеков доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасы чукул кымбаттаганын айтты.

«Биринчи кезекте азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. 105 сомго чыккан доллар, кайра мурдагы 85 сом деңгээлиндеги калыбына түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди. Монополияга каршы агенттикке базарды көзөмөлдөөгө тапшырма бергиле. Эмне үчүн бааны көтөргөндө бат көтөрүшөт, бирок доллар түшкөндө арзандатышты унутуп калышат», — деди депутат.

Эске салсак, 30-мартка карата Кыргызстандын айрым банктарында доллардын сатып алуу курсу 83.5 сомго чейин төмөндөсө, көпчүлүк банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 84-84.7 сомду түзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18