13:21, 29 марта 2022, 24.kg

ИИМ: Чет өлкөгө орноштуруу боюнча жалган маалыматтар таркап жатат

Кыргыз жарандарын Улуу Британияга жана башка Европа жана Азия өлкөлөрүнө ишке орноштуруу жөнүндө мыйзамсыз жарыялоо фактылары орун алууда. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Алардын маалыматында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору компаниялардын бири менен макулдашуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияга айыл чарба чөйрөсүндөгү мезгилдик иштерге жумушка орноштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

«Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте уруксаты жок, шек жараткан жарнактарга жол бербөө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырып жатат», — дейт мекеме. 

Алдамчылык аракеттерге жол бербөө, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларына бөгөт коюу максатында ИИМ шектүү фактылар же адамдар боюнча төмөнкү телефондорго маалымдоону өтүнөт: (0312) 26-61-70, 26-61-65 жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору — 1899 же 102.

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18