12:36, 29 марта 2022, 24.kg

Медиктер үчүн үйдү министр Алымкадыр Бейшеналиевдин уулунун компаниясы тургузат

Медиктер үчүн үйдү министр Алымкадыр Бейшеналиевдин уулунун компаниясы тургузат. Маалыматты 24.kg агенттигине министр өзү ырастады.

Ал уулу Мар Бейшеналиевдин курулуш компаниясынын атын атоодон баш тартты.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери үчүн Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине көп кабаттуу үй тургузулат.

Министрдин айтымында, үйдү Бишкектеги Урология борборун куруп, учурда «Алтын балалык» балдар борборун куруп жаткан компания тургузат.

«Бул уулумдун ишканасы. «Алтын балалык» долбоорун баштаганда эле, УКМК кармап, ишканасын толук текшерип чыкты. Баары таза экен», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18