16:02, 28 марта 2022, 24.kg

Адвокат камактагы журналист Базаркуловдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирди

Камактагы журналист Куттумидин Базаркуловдун кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруп жатканын адвокаты Шадыбек Сопубеков билдирди. Анын айтымында, 24-мартта убактылуу кармоочу жайга тез жардам чакыртылган.

«Мен кирип кабар алып чыктым, чындан эле ооруп жатканын айтты. Анын тергөө иштери жыйынтыкталып, иши сотко өттү. Эми убактысы белгиленсе, сот болот. Журналистти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтөрүм четке кагылып келет. Эми облустук сотко кайрылганы жатам», — деди адвокат.

Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов төрт айдан бери абакта. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармап кеткен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Базаркуловду «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап жатат. Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Ал акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18