11:04, 28 марта 2022, 24.kg

Кыргыз улуттук драма театры оңдоо иштеринен кийин ачылды

Кыргыз улуттук драма театры оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95- сезонду Жалил Садыковдун ( «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде) «Төлгө» спектакли менен ачты.

Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана кеңири коомчулук катышты.

Борбордун так ортосунда жайгашкан академиялык драма театры 2019-жылдын күз айларында оңдоп-түзөөгө жабылган. Ал үчүн өкмөт 84 млн сомдон ашуун каражат бөлгөн. 2021-жылы сентябрь айында театрдын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 44 миллион 722 миң 900 сом бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18