15:56, 25 марта 2022, 24.kg

Украинадан жалпысынан 6030 өзбекстандык эвакуацияланды

Польшанын Катовице аэропорту аркылуу Украинадан дагы 146 өзбек жараны кайтарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Юсуф Кабулжанов билдирди.

Эвакуациялангандардын арасында 42 аял, 12 бала жана 2 ымыркай бар.

28-февралдан 24-мартка чейин жалпысынан 27 авиакаттам жасалып, согуш жүрүп жаткан аймактан 6030 өзбекстандык чыгарылды.

Убактылуу Львов шаарында жайгашкан Өзбекстандын Украинадагы элчилиги Польша элчилиги менен дайыма байланышта экенин жана эвакуация иштерин бирге алып барып жатканын белгиледи.

17-мартка карата Украинада 300дөй өзбекстандык жаран калганы жана коопсуздук маселелеринен улам аларды чыгарып кетүү мүмкүн болбой жатканы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18