15:21, 25 марта 2022, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Эдил Байсаловду «дуэлге» чакырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду «дуэлге» чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчысына видео жарыялады.

«Ушул видео аркылуу урматтуу Эдил Байсалов мырзага кайрылам. Сиз мамлекеттик кызматкер болуп туруп, бирок мамлекеттик кызматкер катары эмес, социалдык тармак аркылуу «Алмазбек Атамбае 2019-жылы мыйзамга баш ийбей койгон, ошондуктан аны курал менен барып алып келүүгө мажбур болгон. Азыр дагы колонияда мыйзамга баш ийбегендиктен сотко күч менен алып келип жатышат» деген маалымат таратып жатасыз. Атамбаев ошондо жана азыр мыйзамга баш ийбей жатат дегенди далилдеп бере алам десеңиз, каалаган жериңизде дискуссияга чакырам. Сөзүңүзгө жооп бере алсаңыз айтыңыз, кайсы жерде кезигишели?» — деди Замир Жоошев.

Буга чейин Эдил Байсалов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун абактын сакчылары Алмазбек Атамбаевди көгала кылып, сотко алып келгени тууралуу билдирүү жасап, экс-президент өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коерун айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18