11:35, 25 марта 2022, 24.kg

Туризмди колдоо максатында 34 долбоор иштелип чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады.

Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

Белгилей кетсек, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим президентинин «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18