11:33, 25 марта 2022, 24.kg

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү

«Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Музей-коругу түзүү чечими тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, буга чейин «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык комплекси «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болгон жана кандайдыр-бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген.

Эске салсак, орто кылымдардагы Өзгөн чалдыбары эң алгачкы жана башкаруучунун резиденциясы орун алган чептен (Орто-Коргон же Өзгөн-3) жана Кара-Дарыя суусунун түндүк жээгинде жайгашкан шаарлардын аймагын түзгөн үч шахристан (Өзгөн-1, 2, 4) турат. Шаар VII -VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханиддер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борбору болгон жана кийин XVI -кылымга чейин шаар катары турган.

Үч күмбөз, мунара жана үч шахристандын калдыктары сыяктуу Борбордук Азиянын тарыхынын жана маданиятынын уникалдуу эстеликтери жайгашкан «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун түзүлүшүнүн максаты — бул объектилерди келечек муундар үчүн сактоо жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18