16:24, 23 марта 2022, 24.kg

Мариуполдо айыгышкан кармаш уланууда

Украина бийлиги негизги инфраструктуралык объектилер менен калктуу конуштарга сокуу уруу күчөгөнүнө тынчсызданууда.

Орусиянын Украинага каршы согушунда Мариуполь шаары кармаштын эң талаштуу талаасына айланды.

Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполду өткөрүп берүү боюнча Орусиянын ультиматумун четке какканын, Украина эч качан өзүнүн стратегиялык портунан жана башка шаарларынан, анын ичинде Харьков менен Киевден баш тартпай турганын билдирди.

»Украина Орусиянын ультиматумун аткара албайт. Бул үчүн алар бизди биринчи жок кылышы керек, андан соң ультиматум аткарылат”, - деди ал.

Тараптар ок атышууну токтотуу шарттарын иштеп чыгуу боюнча видеобайланыш форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Зеленский согушту токтотуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу зарылдыгын айтууда.

Ал орусиляктар менен сүйлөшүү учурунда жетишилген компромисстердин баары жалпы элдик референдумга чыгарылышы керектигин белгилөөдө.

Акыркы эки аптадан бери Орусия Азов деңизиндеги маанилүү порттук шаарча болгон Мариуполду курчап алган. Эгер шаар көзөмөлгө өтсө, 2014-жылы Москва басып алган Крым Украинанын чыгышындагы Кремль колдогон жикчил аймактар менен кургактан биригет.

400 миңдей тургуну бар Мариуполь шаары эки аптадан бери суу, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майсыз калып, гуманитардык каатчылыкта турат.

Мариуполдо 2300дөн кем эмес киши өлгөнү айтылууда.

Соңку күндөрү Орусия чабуулун күчөттү. Натыйжада ооруканалар, батирлер жана театрлар талкаланды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18