15:33, 23 марта 2022, 24.kg

Айрым импорттолгон товарлардан кошумча нарк салыгы алынып салынды

Кыргызстандын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим КР президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана КРнын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “КР министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилүүчү жана импорттолуучу товарларга нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы белгиленсин;

- 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18