12:11, 23 марта 2022, 24.kg

Баңгизат сатууга шектелип милициянын полковниги кармалды

Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Тинтүү учурунда полковниктин үйүнөн баңгизат табылып алынган. 

Маалыматка караганда, буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды.

Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18