14:21, 22 марта 2022, 24.kg

Бааны көтөргөн кызыл кулактарга 1 миллион сомго чейин айып пул салынат

Бааны көтөргөн кызыл кулактарга 1 миллион сомго чейин айып пул салынат. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Авторлор каатчылык мезгилинде мамлекет мамлекеттик башкаруунун (мамлекеттик колдоонун) ыкмаларын жана рычагдарын пайдалануу менен өз жарандарын жана экономиканы максималдуу колдоого тийиштигин белгилейт.

«Бул учурларда айрым кара ниет ишкерлер учурдан пайдаланып, социалдык маанилүү товарларга бааны негизсиз жогорулатышты жана жогорулатууну улантууда. Мындай учурлар COVID-19 жайылышы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал мезгилинде аныкталган. Бүгүн Кыргызстандын эли товарларга болгон баанын кескин жогорулашы тууралуу айтып жана тынсызданып жатышат», — деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Демилгеде социалдык маанилүү товарларга бааларды негизсиз жогорулаткан ишкерлерди жоопкерчиликке тартууга жана ага бузуу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштырууга мүмкүндүк берүүчү ченемди киргизүүнү сунушталат.

Ага ылайык базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарларга бааны негизсиз жогорулатуу үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 1 миллион сомго айып пул салуу каралат.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18