10:31, 18 марта 2022, 24.kg

Жогорку Кеңеш машиненин айнегин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президентке жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети иштеп чыккан. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 10-20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирген.

Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда ушул тапта автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18