09:37, 17 марта 2022, 24.kg

Орусиялык авиакомпаниялар Өзбекстанга каттамдарын токтотту

Орусиялык Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга учууларын токтотууда. Бул тууралуу «Узавиация» мекемеси билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Smartavia компаниясы 7-марттан тартып Москва-Ургенч-Москва каттамын токтотот.

iFly авиакомпаниясы 5-марттан тартып Өзбекстандагы бардык каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Буга чейин «Аэрофлот», «Россия», «Аврора» жана S7 авиакомпаниялары да Өзбекстанга каттамдарын токтоторун жарыялаган.

Орусия Украинага аскердик чабуул жасагандан кийин батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын кеңейткен. Орусиялык авиакомпаниялар үчүн АКШ , ЕБ өлкөлөрү жана башка бир катар мамлекеттер аба мейкиндигин жапкан.

ЕБ орусиялык авиакомипанияларга учактарды, жабдыктарды жана тетиктерди сатууга жана 28-марттан кийин лизингге берүүгө тыюу салган. Ага чейин европалык өндүрүштөн чыккан учактар (анын ичинде Airbus) лизинг ээсине кайтарылышы керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18