15:33, 16 марта 2022, 24.kg

Кыргызстан Казакстандан чек араны ачууну өтүндү

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кыргызстандыктар үчүн жабык турган чек ара бекеттерин ачуу маселеси болду.

Ушул тапта Кыргызстан жарандары коңшу өлкөгө учак аркылуу гана каттай алышат. Ошол эле маалда казакстандыктар Кыргызстандын аймагына ээн-эркин киришет, алар үчүн чек ара өткөрмө бекеттеринде эч кандай чектөө жок.

Расмий билдирүүдө казак элчиси буга кандай жооп кайтарганы айтылган эмес.

Сүйлөшүү учурунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келери белгилүү болду.

Казак президенти Бишкекке качан келери так айтылган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18