10:11, 16 марта 2022, 24.kg

Кыргызстанда акыркы эки айда 133 киши каржы пирамидасына алданды

Кыргызстанда акыркы эки айда 133 киши каржы пирамидасына алданды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, каржы пирамидасын уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91 сотко чейинки өндүрүш ишинин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген.

Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны — 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык болгон.

Жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган «кайрымдууларга» карызга батып, акча берип алданып келет. Каржы пирамида — финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат.

Алдамчылар адатта жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18