16:43, 15 марта 2022, 24.kg

Өзбекстан Орусиядан Ташкентке эмес, Бишкекке автобус каттамдарын уюштурат

Өзбекстан 16-марттан тарта Казакстан менен эл аралык туруктуу автобус каттамдарын калыбына келтирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын Транспорт министрлиги Казакстан аркылуу Орусиядан Кыргызстанга транзиттик автобус каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Транспорт министрлиги өзбек тарап эмнеге Орусиядан Ташкентке эмес, Бишкекке каттамдарды ачууга кызыгып жатканы боюнча так маалымат берген жок.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы автобус байланышы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 16-мартта токтогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18