11:21, 15 марта 2022, 24.kg

ӨКМ: Кыргызстанда азык-түлүк таңсыктыгы жаралбайт

Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Аткаминердин маалыматында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

«Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат», — дейт ал.

Министр ошондой эле 1 млн кг кумшекер (сатылышы — 1 кг 70 сом) жана 500 миң литр өсүмдүк майын (1 литри 130 сом) соода түйүндөрүнө жеткирилип жатканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18