09:42, 15 марта 2022, 24.kg

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Жамангулов эки айга камалды

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов № 21 тергөө изоляторуна эки айга камалды. Мындай токтомду 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Шектүүнүн коомдук жактоочусу Канат Хасанов «Азаттыкка» ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты.

Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов «Мегакомду» 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18