09:47, 11 марта 2022, 24.kg

Киевде тажик жаранына ок тийди

Киевде тажик жаранына ок тийди. Бул тууралуу 10-мартта Тажикстандын Украинадагы элчилиги кабарлады.

22 жаштагы Н.Ж. аттуу мигрант 9-мартка караган түнү коменданттык саат учурунда көчөгө чыккан кезде атышууга кабылып, бутуна ок тийген.

«Азыр мен ооруканада жатам. Бутума операция жасалды. Дарыгерлер азыр турганга уруксат бербей жатышат», — деди ал.

Киевдеги тажик элчиси Давлатали Назризода ооруканага барып, жарадар болгон мигрантка кирип чыккан жана ага көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Орусиянын Украинага каршы аскердик чабуулуна байланыштуу Киевде 24-февралдан бери кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

"Мен Украинадагы бардык тажикстандыктардан коменданттык саат учурунда үйдө отурууну сурайм. Эч ким коопсуздукка кепилдик бербейт. Аскердик эрежени катуу сактоону сурайм",- деп билдирди Украинадагы тажик элчиси.

Расмий маалыматка караганда, Орусия Украина аймагына чабуул жасаганга чейин өлкөдө төрт миңдей тажикстандык болгон, алардын ичинен 101и студент экени айтылган. Соңку эки аптада 1400дөй тажикстандык Польша жана Молдовадан башпаанек тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18