10:31, 09 марта 2022, 24.kg

Бишкекте жол оңдоо иштери башталды. Жунусалиев жана Курултай көчөлөрү жабылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 8-марттан тарта эки көчө оңдоп-түзөө иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жунусалиев көчөсүнүн Гагаринден Ахунбаевге чейинки бөлүгүндө жана Ынтымак конушундагы Курултай көчөсү Магистральная көчөсүнөн Кожомкул көчөсүнө чейин унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Шота Руставели жана Азия көчөлөрү унаа үчүн альтернативалуу көчөлөргө айланат.

Көчөлөрдү оңдоп-түзөө Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18