09:49, 04 марта 2022, 24.kg

Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду аяктады

Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду аяктады. Бул тууралуу «Sputnik жакынкы чет өлкө» Telegram-каналы жазды.

Анда төмөнкү учурларга токтолушкан:

  • Москва үч бөлүктөн турган сунуштарды даярдаган. Анда аскердик-техникалык, гуманитардык-эл аралык жана саясий аспектилер камтылган. РФ тараптын делегация башчысы Владимир Мединскийдин айтымында, Россия менен Украина сүйлөшүүлөрдүн айрым пунктулары боюнча бири-бирин түшүнүштү;
  • Тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашты;
  • Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Юрий Подоляк жарандарды эвакуациялоо үчүн атайын байланыш каналдарын түзүү пландалып жатканын айтты;
  • Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Украина күткөн жыйынтыкка жеткен жок деп билдирди;
  • Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий Россия менен Украинанын ортосундагы келишимдер жакынкы аралыкта жогорку деңгээлде бекитиле турганын айтты. Макулдашуулар парламенттин күч-аракетин, анын ичинде ратификациялоону талап кылышы мүмкүн;
  • Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду жакынкы күндөрү өтөт.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18