09:16, 04 марта 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 23 кишиден вирус аныкталып, эки адам каза болду

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 11, Чүй облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 4, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 63 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 27, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 163 бейтап, амбулатордук түрдө 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 531 киши айыгып чыкса, 2 миң 962 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18