15:39, 03 марта 2022, 24.kg

Акыркы жети күндүн ичинде Украинада 2 миң жай тургун каза болду

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) согуш башталган жети күндүн ичинде орус аскерлеринин огунан өлкөдө 2 миңге жакын жайкын тургун көз жумганын билдирди.

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, каза болгондордун 21и эрезеге жете элек балдар болсо, дагы 55 бала жаракат алган.

Күн мурун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын расмий өкүлү Шабия Манту акыркы бир жуманын ичинде Украинанын аймагынан 835тен ашык киши чыгып кеткенин билдирген.

2-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштагы жоготуулар тууралуу алгачкы жолу маалымат берди. Ага ылайык, Украинада 498 орус жоокери курман болуп, 1597си жаракат алган.

Украинанын Коргоо министрлиги согуш башталгандан бери Орусия 6 миңге жакын жоокерин жоготконун билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18