09:16, 03 марта 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 20 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус дагы 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 31 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 169 бейтап, амбулатордук түрдө 403 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 468 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18