17:11, 02 марта 2022, 24.kg

ЖК газ менен жүргөн автобустарды насыяга алууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1500 автобусту насыяга алууга уруксат берди.

Келишимге ылайык, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жалпы суммасы 33 млн. доллар турган каражатты 12 жылга берип жатат. Анын 25 миллиону кредит, калганы грант.

2-мартта парламенттеги талкуу маалында депутаттар газ эмес, электр менен жүрө турган автобустарга басым жасоо зарылдыгын айтышты.

Мындан тышкары Кыргызстандын өзүндө чыгарыла баштаган «Тулпар» ишканасынын автобустарына да көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Ошол эле маалда буга чейин Бишкек шаарына алынган автобустарды линияга чыгаруу маселеси көтөрүлдү.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов учурда Европа банкы баштаган донорлор менен 160 даана электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу каралып жатканын билдирди.

Бишкек мэриясынын эсебине ылайык, баш калаага 1700 автобус зарыл, азыр каттамга жүзгө жетпегени чыгат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18