11:07, 01 марта 2022, 24.kg

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин көтөрүү чечимин кабыл алды

Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу башкы финансалык мекемеден билдиришти.

2022-жылдын февраль айында инфляция 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн.

Улуттук банктын маалыматында, акча рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат. Банктар аралык рынокто кыска мөөнөттүү чендер өсүп жатат.

«Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү запастын көлөмүн көрсөтүүдө, бул финансы-банк системасында туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Банк системасы улуттук валютада жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмүнө ээ», — дейт банк.

2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу саналат.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин эсептик чен 5-7 пайыз болчу. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18