08:48, 01 марта 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 27 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус дагы 27 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 16, Чүй облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Жалал-Аад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 113 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 56, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 6, Талас облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө 547 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18