12:19, 25 февраля 2022, 24.kg

Баткенде каза болгондордун үй-бүлөсүнө жөлөк пул төлөнөт

Өкмөт 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алды. 

Ага ылайык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

–  курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

–  курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18