13:30, 22 февраля 2022, 24.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөндөөдө

«Улуттук энегохолдинг» мамлекеттик компаниясы Токтогул суу сактагычында сууунун көлөмү 8,4 миллиард метр кубга жеткенин, бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз экенин билдирди.

Ишкана мындан улам сууну үнөмдөө максатында, жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Былтыр март айынын аягында Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер ушул тушта керектөөлөр өскөнүн эске алганда кыштан кийин, тактап айтканда быйыл апрелге карата суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин азайышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18