11:21, 21 февраля 2022, 24.kg

Жалал-Абадда жасалма ПЧР-тесттерин саткан лаборатория аныкталды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарында Medicana Plus диагностикалык лабораториясы коронавируска каршы вакцина алганы жана оору жукпаганы тууралуу жасалма QR-коддор менен ПЧР-тесттердин маалымдамасын берип жүргөнүн билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ушундай эле факт Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаарында да аныкталган.

«Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассанын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандан сыртта жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүргөн жана бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин бааланган. COVID-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор анализ тапшырбастан WhatsАpp мессенджери аркылуу Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери «А.М.» аттуу жаранга авиакассалар жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип турганы аныкталды. Ушундай эле схема Базар-Коргон шаарында да аныкталган», — деп айтылат УКМК тараткан кабарда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18