09:11, 21 февраля 2022, 24.kg

Бээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталды

Бээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталды.

Кышкы Олимпиада-2022 оюндарында cпорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду.

Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунга Норвегия, экинчи орунга Германия чыкты, үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Орусия тогузунчу болуп калды.

Орус спортчулары кызытма ызы-чуусунан улам Орусиянын Олимпиада комитетинин желегинин алдында катышты. Сыйлоо учурунда улуттук гимндин ордуна Петр Чайковскийдин чыгармасы ойнотулуп жатты.

Быйылкы Олимпиада коронавирус пандемиясынан улам катаал чектөөлөрдүн шартында өттү. Баардык спортчулар жана аларды коштоп келген адамдар улам тест тапшырып, эки жакка ээн-эркин чыга алышкан жок.

Кытайдагы адам укуктарынын басмырланышына байланыштуу АКШ баштаган бир катар мамлекеттер дипломатиялык бойкот жарыялашкан.

Кыргызстандан бул жолу бир гана спортчу Максим Гордеев лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча күчүн сынады. Ал 88 лыжачынын арасында таймашып, марага жетпей калды.

Кийинки Кышкы Олимп оюндары 2026-жылдын февраль айында Италияда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18