08:45, 21 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 15 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирус дагы 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Ош облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 119 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18