12:29, 18 февраля 2022, 24.kg

Журналист Семетей Талас уулу кармалганы кабарланууда

Журналист Семетей Талас уулун күч органдары кармап кеткени кабарланууда. Бул маалыматты журналисттин аялы тастыктады. Ал күйөөсүн кармап кеткен себебин билбей турганын жана үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин кошумчалады. Журналистти кармап кеткен учурда үйдө өзү жок болгонун, апасы болгонун айтты.

Семетей Талас уулу көз карандысыз журналист. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат.

Азырынча журналистти кайсы орган жана эмне себептен алып кеткени белгисиз. Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ИИМ маалымат такталып жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18