09:32, 18 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 41 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 20, Чүй облусунда — 14, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 191 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 130, Чүй облусунда — 20, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18