09:41, 17 февраля 2022, 24.kg

Троллейбус айдоочулардын айлык акысы көтөрүлөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Көбөйтүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

Башкармалыктын кызматкерлеринин айлыгы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен көтөрүлүүдө.

Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды.

Белгилей кетсек, маяна маселеси шаар мэри Айбек Жунушалиевдин өткөн жылдын соңунда Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Ошол учурда коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18