09:26, 17 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 39 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 216 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 160, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 601 киши айыгып чыкса, 2 миң 937 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18