09:16, 16 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 54 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус дагы 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 25, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 207 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 154, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18