10:19, 15 февраля 2022, 24.kg

Кадамжайда жол кырсыгынан 67 жаштагы аял каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, төрт киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
 
Каргаша кечээ, 14-февралда, саат 22:34төр чамасында Ноогардан айылы аркылуу өткөн Ош ― Баткен ― Исфана жолунда болгон. Анда Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
 
Жерине төрт куткаруучу тартылып, окуя болгон жерде каза болгон 67 жаштагы аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандарды тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18