08:49, 15 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 55 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус дагы 55 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 207 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 143, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 31, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 121 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 178 киши айыгып чыкса, 2 миң 932 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18