16:43, 14 февраля 2022, 24.kg

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна

«Талибан» кыймылы миңдеген аскерлерин жана техникасын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт.

Бул тууралуу талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан куралуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Фасихуддин Фитрат билдирди.

«Талибандын» расмий өкүлү АКШнын системалары жана НАТОнун жаңы технологиялары менен куралданган 10 миңдей аскерден турган армия Ооганстандын түндүк-чыгышында кандай гана куралдуу аракеттер болбосун чара көрөрүн айтты.

Фитрат чукул арада «бул кубаттуу күчтү» колдой турган согуштук учактар даяр болорун кошумчалады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, ал эми Кундуз, Тохар жана Бадахшан провинциялары Тажикстан менен чектешет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18