09:21, 14 февраля 2022, 24.kg

Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

2022-жылдын май айында Бишкек шаарында алгач ирет Евразия экономикалык форуму өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) министри Сергей Глазьев 12-февралда форумдун уюштурууну талкуулады.

Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастады.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Түштүк Америка, Араб мамлекеттери, ошондой эле Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрү чакырылат.
Форумдан кийин жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүү пландалууда.

Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылат.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18