17:19, 11 февраля 2022, 24.kg

Кыргызстанга кирүүдө эмдөөдөн өткөн жарандар ПЧР—тест тапшырбайт

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан 11-февралдан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылынбайт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы мындай чечим 10-февралда өкмөттө коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинде кабыл алынганын билдирди.

Мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.

Кыргызстан былтыр 1-декабрда өлкөгө киргендердин бардыгын эмделгенине карабай ПЧР-тесттен өтүүгө милдеттендирген. Мындай чектөөлөр коронавирустун «омикрон» штаммынын жайылышына байланыштуу киргизилген.

Өлкөдө 11-февралга карата пандемия башталгандан бери коронавирустан 2920 адам каза болуп, вирус 199 миңден ашык кишиге жукту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18