15:09, 10 февраля 2022, 24.kg

Кадамжайда уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды

Кадамжайда өспүрүмдөр үйдөн 100 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун 42 жаштагы тургуну Ы.А. 1-февралда жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип, шкафтын ичинде турган 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Бул арыз Кадамдай РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «уурулук» менен катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 15 жаштагы жана 12 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалып, тергөөгө алып келинген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18