14:59, 10 февраля 2022, 24.kg

Баткенде адам өлүмүнө шектелип тажик жараны кармалды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Исфана шаарындагы адам өлүмүнө шектелип 53 жаштагы Тажикстандын жараны кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматында, шектүү Өзбекстанда оор кылмыш үчүн соттолгон жана Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Учурда милициянын убактылуу кармоочу жайын киргизилди. Ал Самаркандек айылында кармалган.

Буга чейин Исфана шаарында чайкана иштетип жүргөн 58 жаштагы киши дайынсыз болуп жатканы тууралуу милицияга арыз түшкөн. Милиция издөө иштерин жүргүзүп, чайкананын көмүр сактоочу жайынан 58 жаштагы жарандын сөөгүн тапкан. Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Азырынча Тажикстандагы күч органдары кармалган жаран жөнүндө маалымат бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18