11:14, 10 февраля 2022, 24.kg

УКМК: «Айыл-Банк» ААК бир катар жооптуу кызматкерлер кармалды

«Айыл-Банктын» төрт жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, 2017-жылы банк «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берген.

«Россиф» ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

Ш.У.Ж, С.М.А, А.Ж.А, М.Н.Т аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18