09:19, 10 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 107 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 10-февралга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 44, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 43, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 279 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 213, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 14 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18