15:44, 09 февраля 2022, 24.kg

Түркмөнстанда жолбун ит-мышыктарды жок кылууга балдар тартылууда

Ашхабад шаарынын бийлиги жолбун ит-мышыктарды жок кылуу ишине балдарды тарта баштады. Чогултулган жаныбарларды башкалаанын четиндеги атайын ангарга алып барышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдады. Мындай иш-чара Улуттук кеңештин кезексиз сессиясынын чечими менен жүргүзүлүп жатат.

Маалыматка караганда, эки аптадан бери ит-мышыктарды көчөдө кармап, кээ бирлерин таяк менен өлтүрүп жатышат. Буга чейин бул ишке курулушта иштегендер катышкан.

Атын атабаган жергиликтүү тургун балдарга жаныбарларды жок кылуу үчүн 5 манаттан (120 сомдун тегереги — ред.) беришерин, алар мүшөк, таяк көтөрүп алып көчө кыдырып жүрүшкөнүн айтып берди.

«Азаттыктын» булагы маалымдагандай, ит-мышыктар ангарларда ачкадан кырылууда. Жаныбарларды коргоочу активисттерди ал жайларга киргизишпейт. Түркмөн бийлиги бир нече жылдан бери маанилүү майрамдар, окуялар алдында Ашхабадда жана башка региондордо «тазалоо» иштерин жүргүзөт.

Өкмөт түркмөн алабайын улуттук символ катары пропагандалап келет.

Жаныбарлардын жапырт жок кылынышына байланыштуу комментарий берген жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18